Кыргызстан менен Казакстан автомобилдерди киргизүү боюнча бир пикирге келе алган жок

Кыргызстан менен Казакстан автомобилдерди киргизүү боюнча бир пикирге келе алган жок

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр автоунааларды алып кирүүгө көзөмөлдү күчөтүү маселесин макулдаша албаганын "Коммерсантъ" жазды. Басылманын маалыматына караганда, 11-декабрда өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынында биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары интеграцияны тереңдетүүгө байланыштуу бир катар маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.

Айрыкча, Казакстан жарандар электрондук аукциондордон сатып алган автоунааларды алып кирүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштаган. Бул Кыргызстан тараптан кескин каршылыкты жараткан. Маселе менен тааныш булак басылмага түшүндүргөндө, кыргыз делегациясы мындай чара биримдиктеги интеграцияны бузарын белгилеген. Талкуу эми президенттер деңгээлине өткөрүлөт.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн келген кымбат товарлардагы бажы наркын атайылап төмөндөтүү тобокелдигинин индикаторлорун унификациялоо боюнча доклад да кабыл алынган жок — бул боюнча да Кыргызстан каршы чыкты. Беларус премьери Александр Турчиндин айтымында, бул багыттагы иш биримдик өлкөлөрүнүн бюджеттерине кошумча 75 млн доллар бажы төлөмдөрүн жана 600 миллиондон ашык кошумча нарк салыгын алып келген.

Каршылыктарга карабастан, интеграциянын жалпы келечегин бардык тарап колдоду. КРнын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев жаңы технологияларга жетүү аркылуу сооданы кеңейтүү зарыл экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media