Кыргызстан жана Франция транспорт кызматташтыгын күчөтөт

Кыргызстан жана Франция транспорт кызматташтыгын күчөтөт

Бүгүн, 12-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар автомобиль жана темир жол куруу багытындагы кызматташууну талкуулап, ири инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат алышты. Базаралиев министрлик мамлекеттик саясатты ишке ашырып, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу жана Барскоон–Бедел–Учтурфан автожолунун курулушу активдүү жүрүп жатканын билдирди.

Элчи Николя Фай Кыргызстандагы экономикалык өсүш жана транспорт тармагынын өнүгүүсү Франциялык тажрыйбалуу компаниялар үчүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтээрин белгиледи. Жолугушууда эки тараптын ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаңы демилгелерди колдоо макулдашылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды