Бишкектеги №1 депо оңдоодон кийин кайра ачылды

Бишкектеги №1 депо оңдоодон кийин кайра ачылды

IV Элдик курултайдын делегаттары үчүн уюштурулган экскурсиялык программанын алкагында Бишкек шаарында №1 депо реконструкциядан кийин пайдаланууга берилгенин Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Мекеме Москва көчөсү, 237 дарегинде жайгашкан. 1951-жылы пайдаланууга берилген бул объект реконструкциядан кийин автобустарды жана электробустарды сактоо, тейлөө жана оңдоо үчүн заманбап комплекс катары иштеп баштады.

Депо бир эле учурда 130га чейинки коомдук транспортту тейлөөгө ылайыкталган. Анын ичинен 70и автобус, 60ы электробус. Электробустар үчүн заманбап заряддоо инфраструктурасы түзүлгөн. Ошондой эле аймакта транспорт каражаттарын жууучу жай жана административдик-тиричилик корпусу иштейт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү