"Менин шаарым" колдонмосу коомдук транспорт боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт

"Менин шаарым" колдонмосу коомдук транспорт боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин маалымдайт.

Учурда коомдук транспорттун кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө функциясы республиканын төмөнкү шаарларында жеткиликтүү: Ош, Кант, Манас, Талас жана Токмок. Бул кызмат шаар тургундарына жана конокторуна, маршруттар жана коомдук транспорттун жүрүшү тууралуу актуалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берип, жол жүрүүнү ыңгайлуу пландаштырууга шарт түзөт.

Алдыда "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин функционалы этап-этабы менен кеңейтилип, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жеткиликтүү болот.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик  технологиялар борбору шаардык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле заманбап, ыңгайлуу жана ачык шаардык чөйрөнү калыптандырууга багытталган, санариптик чечимдерди ырааттуу түрдө ишке ашырууну улантат.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media