2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сом болду

2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сом болду

2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сомду түзгөнүн Финансы министрлиги 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунда маалымдаган.

Фонддун бюджети мурда бекитилген 4,4 млрд сомдон 6,9 млрд сомго көбөйтүлгөн.

Жол фондун түзүү жөнүндө мыйзам 2022-жылдын 30-майында кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, фонддун киреше бөлүгү 17 булактан түзүлөт. Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга жумшалат:

жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоо;
жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү