Логвиненко менен Малдыбаев көчөлөрү туташтырылышы ыктымал

Логвиненко менен Малдыбаев көчөлөрү туташтырылышы ыктымал

Бишкек шаарынын тургуну жаңы Башкы план долбоору боюнча коомдук угууларда Логвиненко көчөсүн кеңейтүү жана Ашхабад көчөсүндөгү курулуштарды бузуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда Ашхабад көчөсүндө жашаган 50гө жакын үй-бүлө турак жайсыз калышы мүмкүн. "Медеров көчөсүнө 10 көчө чыгып турат, алардын бирөө да жасалган эмес. Эмне үчүн сөз дал Ашхабад көчөсүндөгү үйлөрдү бузуу жөнүндө болуп жатат?" — деп сурады ал.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров Логвиненко көчөсүн Малдыбаев көчөсү менен туташтыруу сунушталып жатканын, бирок Ашхабад көчөсүндөгү курулуштарды бузуу маселеси каралбай турганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”