Киев көчөсү жөө адамдар менен трамвай жүрө турган жол болот

Киев көчөсү жөө адамдар менен трамвай жүрө турган жол болот

Бишкек шаарынын башкы планынын долбоорун коомдук талкуулоонун алкагында Киев көчөсү 2026–2027-жылдары жөө жүргүнчүлөр үчүн, ошондой эле коомдук транспорт жүрө турган көчөгө айландырыларын борбор калаанын вице-мэри Азамат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу 2026–2027-жылдарга пландалган жана каржылоо каралган. Алгачкы этапта Киев көчөсүндө электробустарды ишке киргизүү пландалып жатат.

Жаңы башкы план долбооруна ылайык, келечекте Киев көчөсүндө трамвай линияларын уюштуруу каралууда. Мэрия эске салгандай, Фрунзе шаарынын башкы планында жана 2006-жылдагы Бишкек шаарынын башкы планында бул көчө буга чейин эле транспорттук-жөө жүргүнчүлөр көчөсү катары белгиленген.

Шаар бийлиги белгилегендей, Киев көчөсүн өзгөртүү коомдук транспортту өнүктүрүүгө, унаалардын жүгүн азайтууга жана борбор калаанын борбордук бөлүгүндөгү шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media