Быйыл Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу курулду

Быйыл Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу курулду

Үстүбүздөгү жылы Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу жана 25 чакырым тротуар курулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жыл ичинде курулуш тармагында аткарылган бир катар иштер тууралуу айтып жатып билдирди.

Аны менен катар, шаар тургундарынын эс алуусу үчүн 10го жакын сейил бак курулуп, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен 1 бала бакча, 1 мектеп жана 1 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулуп, пайдаланууга берилди. Учурда дагы 2 бала бакчанын курулушу аяктап, жакын арада пайдаланууга берүү пландалууда.

Капиталдык оңдоп-түзөөдөн 4 мектеп жана 2 бала бакча өткөрүлдү. Ошону менен катар, шаар боюнча 50 балдар ойноочу аянтча курулуп, 7 социалдык объект реконструкцияланды.

Аткарылган иштер шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”