"Манас" аэропортунда туманда учактарды кондура турган жарыктар орнотулуп жатат

"Манас" аэропортунда туманда учактарды кондура турган жарыктар орнотулуп жатат

Бишкектин четиндеги "Манас" аба майданында III категориядагы (CAT III) жарык белги берүүчү системасы орнотулуп жатканын "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидинов билдирди. 

Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, бул система коюлгандан кийин коюу туман түшкөндө дагы учактардын конуусуна мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Бул иштер январь айында аягына чыгарын, андан кийин туманга байланыштуу маселе жаралбасын айтты. 

Өткөн апталарда аталган аба майданда коюу тумандан улам бир канча күн катары менен каттамдар маал-маалы менен үзгүлтүккө учураган. Бардык ички жана эл аралык каттамдардагы учуулар бир нече саатка кармалган учурлар болгон.

Ошол маалда социалдык тармактарда Москва-Бишкек багытындагы учак Манас аэропортуна коно албай, Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданына конгондо жаңжал чыкканы тартылган видеолор тараган. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү