"Монте-Карлонун" ордуна "Венеция"

"Монте-Карлонун" ордуна "Венеция"

31-декабрдын кечинде Бишкекте курулуп жаткан Old Bishkek аттуу жаңы соода комплексинин аймагын жааган жамгырдан кийин суу каптады.

Комплекс Чүй проспектисинде, Д.Шопоков жана Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосунда курулуп, коомчулук тарабынан бир топ нааразычылыктарды жараткан. Буга чейин Old Bishkek комплексинин ээси Нариман Түлеев сын-пикирлерге жооп берип жатып, "бул жерди Монте-Карло кылам" деп билдирген.

Окуя болгон жерден тартылган видеолор социалдык тармактарда жарыяланды.

Колдонуучулар дренаждык система талаптагыдай иштебей калганын белгилеп, убада кылынган "Монте-Карлонун" ордуна шаардыктар азыр "Венецияны" көрүп жатышканын жазышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалиянын расмий өкүлдөрү кирешеге кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу боюнча макулдашууну талкуулап жатышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, бул иш-аракеттер эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

18-июнда DemirBank Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility – RSF) алкагында Өзбекстандын “Ozone Fitness” ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол койду. Тартылган каржылоо каражаттары Ташкент шаарындагы “Ozone Fitness” ЖЧК фитнес борборлор тармагынын жаңы объекттерин курууга жана иштеп жаткан борборлорун модернизациялоого багытталат. Компания Өзбекстандагы фитнес-индустриянын

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутаттар кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик шайлоону өткөрүү күнү боюнча жобо өзгөртүлдү. Буга чейин шайлоо январдын акыркы жекшембисине белгиленсе, эми акыркы шаршембисинде өткөрүлөт. Маматалиев мындай өзгөртүү элдин