Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген унаалар мындан ары мыйзамдаштырылбайт

Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген унаалар мындан ары мыйзамдаштырылбайт

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча дагы бир жолу кампания өткөрүлбөй турганын билдирди.

Министрлик мындай машинелер убагында Кыргызстанга бажылык декларациялоо жол-жоболорун жүргүзүлбөй, ЕАЭБ бажылык жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык бажы төлөмүн төгүлбөй мыйзамсыз киргизилгенин кабарлады.

Мекеме өлкөгө автоунааны ташып келүүдө бир машинеге орточо 1 800 доллар бажы төлөмү алынып, аны Кыргызстандын ичинде каттоого дагы 400 доллар кетерин кошумчалады. Чет өлкөлүк номур менен жүргөн машинелердин ээлери бул каражатты төлөбөгөнүн белгилеген министрлик аларды кайра-кайра мыйзамдаштырып берүү мыйзамды так сактаган адамдарга карата акыйкатсыздык болуп каларын билдирди.

Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин мүмкүнчүлүк берилген. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык машине мыйзамдаштырылды. Ал эми жетишпей калгандар автоунаасын чет өлкөгө алып чыгып кетиши керек же тетик катары чачып сатса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media