2025-жылы өлкөдө 8 миңден ашык жол кырсыгы катталган

2025-жылы өлкөдө 8 миңден ашык жол кырсыгы катталган

Бүгүн, ИИМдин Жол кыймылын координациялоо жана контролдоо бөлүмү (ЖКККББ) 2025-жылдын 12 айындагы ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ыкчам кеңешмеге ИИМдин ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосунов, ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, ошондой эле облус, шаар жана райондук ЖКККББнын жетекчилери катышты.

Кеңешменин алкагында жыл мыктылары сыйланып, 2025-жылы аткарылган иштердин жетишкендиктери жана кемчиликтери талкууланды. ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов кызматкерлерге кызматтык тартипти сактап, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо талыкпай иштөөнү тапшырды.

Анын айтымында, кызматкерлердин билим деңгээлине көңүл буруу, жумушка кабыл алууда тыкыр көзөмөл жүргүзүү, айдоочулар менен сылык мамиле жасоо жана заман талабына ылайык ишмердүүлүктү жүргүзүү маанилүү.

Кеңешмеде такси айдоочуларын лицензиялоо, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Белгиленгендей, 2025-жылы өлкө аймагында 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталган, көбү ылдамдыкты ашыруу, жолдо туура эмес манёвр жасоо, мас абалда айдоо, аралыкты сактабагандыктан жана жол белгилер

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media