Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

 Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Балыкчы шаарына 10 даана атайын техника сатып алынганын "Кабар" жазды.  

Фонддон билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 60 млн сомду түздү. Алар - 1 автогрейдер, 2 чоң экскаватор, 1 мини-экскаватор, 1 бетон аралаштыргыч, 1 манипулятор, 1 автокран, 2 жүктөгүч, 1 трал. 

Аталган техникалар Балыкчы шаарынын муниципалдык ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында алынды. 

Жаңы техникалар шаардын курулуш иштерине, коммуналдык-чарба иштерине жана социалдык-экономикалык жакшыруусуна чоң салымын кошот.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагында инфраструктура, автомобиль жана технологиялык жолдорду, ошондой эле инженердик тармактарды куруу боюнча көчмө кеңешме өттү. Анда курулуш аянттарындагы иштердин жүрүшү каралып, жакынкы мезгилге карата милдеттер аныкталды. Өзгөчө көңүл "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы куруп жаткан жети инфраструктуралык объектке жана В-1 станциясынын жанындагы лыжа

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Австралиянын Cochlear компаниясынан 35 сүйлөө процессору түз сатып алынды. Жабдуулардын жалпы баасы 30 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Бүгүн Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде алгачкы 11 бейтапка сүйлөө процессорлору тапшырылды. Адистер аппараттарды ар бир алуучунун өзгөчөлүгүнө жараша орнотуп,

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан бошотулду

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан бошотулду

Бакытбек Кадыралиев 17-августтан тарта саламаттыкты сактоо минеистринин орун басары кызматынан бошотулду. Кадыралиев бул кызматка 2025-жылдын декабрь айында дайындалган болчу. Ал 2008-жылдан бери Пермь шаарында кардиохирургияда, 20212-жылдан тарта кардиохирург жана профессор С.Г.Сухановдун ассистенти болуп иштеген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкек шаарындагы жазуучунун үй-музейине барды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты. Министрлер Кабинетинин