Быйыл Бишкекте 119 чакырым жол оңдолот жана курулат

Быйыл Бишкекте 119 чакырым жол оңдолот жана курулат

2026-жылы Бишкекте жалпысынан 119 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Жолдорду реабилитациялоо асфальт-бетон катмарын жаңылоону, жолдун негизин, тротуарларды оңдоону, коопсуздук элементтерин орнотууну жана суу агызуу тутумдарын жакшыртууну камтыйт.

Ошондой эле быйыл жалпы узундугу 18,83 чакырымды түзгөн жаңы унаа жолдорун куруу каралган.

Курула турган жаңы жолдор:

  • Сухэ-Батор көчөсү (7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин);
  • Ауэзов көчөсү (Сухэ-Батор көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин);
  • Ахунбаев көчөсү (Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
  • Ч. Валиханов көчөсү (Анкара көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин);
  • Дүйшеев көчөсү (Молдобасанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин);
  • Дүйшеев көчөсү (Байтик баатыр көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин, көпүрө куруу менен);
  • Достоевский көчөсү (Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин);
  • Бакаев көчөсү (Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
  • Чокан Валиханов көчөсү (Чүй проспектисинен ЖЭБдин техникалык каналдары аркылуу Көлбаев көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
  • Исакеев көчөсү (7-Апрель көчөсүнөн Кара дарыя көчөсүнө чейин);
  • Жаманбаев көчөсү (Малдыбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин, көпүрө куруу менен);
  • Т. Айтматов проспектиси менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол өтмөгүн куруу, Л. Толстой көчөсүнө чыгуу менен.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media