Бишкекте 20дан ашык жер алдындагы өтмөк курулат

Бишкекте 20дан ашык жер алдындагы өтмөк курулат

Бишкек шаарында 20дан ашык жер алдындагы өтмөк куруларын шаар мэри Айбек Джунушалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Мэрдин айтымында, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы өтмөктөрдү куруу долбоору мэрия үчүн эксперименталдык мүнөзгө ээ. Анын алкагында иштердин татаалдыгы, көлөмү жана баасы бааланып, келечектеги долбоорлор үчүн бюджет такталып жатат.

"Учурда Айтматов проспектисинде төрт жер алдындагы өтмөк куруп, долбоордун баасын аныктап жатабыз. Биринчи өтмөк болжол менен 32–34 миллион сомго түштү. Азыр иштердин жалпы наркын эсептеп жатабыз. Баалар бекитилгенден кийин башка өтмөктөрдү курууга өтөбүз", — деди шаар мэри.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагында инфраструктура, автомобиль жана технологиялык жолдорду, ошондой эле инженердик тармактарды куруу боюнча көчмө кеңешме өттү. Анда курулуш аянттарындагы иштердин жүрүшү каралып, жакынкы мезгилге карата милдеттер аныкталды. Өзгөчө көңүл "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы куруп жаткан жети инфраструктуралык объектке жана В-1 станциясынын жанындагы лыжа

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Австралиянын Cochlear компаниясынан 35 сүйлөө процессору түз сатып алынды. Жабдуулардын жалпы баасы 30 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Бүгүн Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде алгачкы 11 бейтапка сүйлөө процессорлору тапшырылды. Адистер аппараттарды ар бир алуучунун өзгөчөлүгүнө жараша орнотуп,

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан бошотулду

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан бошотулду

Бакытбек Кадыралиев 17-августтан тарта саламаттыкты сактоо минеистринин орун басары кызматынан бошотулду. Кадыралиев бул кызматка 2025-жылдын декабрь айында дайындалган болчу. Ал 2008-жылдан бери Пермь шаарында кардиохирургияда, 20212-жылдан тарта кардиохирург жана профессор С.Г.Сухановдун ассистенти болуп иштеген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкек шаарындагы жазуучунун үй-музейине барды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты. Министрлер Кабинетинин