Бишкектеги Чыгыш автобекети штаттык режимде ишин улантууда

Бишкектеги Чыгыш автобекети штаттык режимде ишин улантууда

Бишкек шаарынын мэриясы Чыгыш автобекети жаңы объектке көчүрүлгөнгө чейин өз ишин штаттык режимде улантып жатканын билдирет.

Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев автобекетке чектеш аймакта такси кызматтарынын ишин тартипке келтирүү боюнча тапшырма берди. Анын алкагында уруксатсыз токтоочу жайларды жоюу же ташуучулар менен белгиленген тартипте өз ара кызматташууну уюштуруу каралууда.

Мындан тышкары, Аламедин базарынын аймагында, анын ичинде Бишкек–Токмок, Бишкек–Кемин жана Бишкек–Кант багыттары боюнча каттам жүргүзгөн такси унааларынын ишин иретке келтирүү пландалууда.

Кабыл алынган чечимдер жана мындан аркы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Салык төлөбөгөн 11 чет өлкөлүк компания аныкталды

Салык төлөбөгөн 11 чет өлкөлүк компания аныкталды

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүп, бирок салык органында каттоодон өтпөгөн 11 чет өлкөлүк компания аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик Салык кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, салык төлөгөн компаниялар катары Alibaba, Pinduoduo, Microsoft, Telegram, Twitch, Valve, Sony, Epic Games, Electronic Arts, VK жана Dropbox көрсөтүлгөн. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары бул компанияларга

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резортто" курулуш иштерин тездетүү тапшырылды

"Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагында инфраструктура, автомобиль жана технологиялык жолдорду, ошондой эле инженердик тармактарды куруу боюнча көчмө кеңешме өттү. Анда курулуш аянттарындагы иштердин жүрүшү каралып, жакынкы мезгилге карата милдеттер аныкталды. Өзгөчө көңүл "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы куруп жаткан жети инфраструктуралык объектке жана В-1 станциясынын жанындагы лыжа

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда угуусу начар жарандарга 35 сүйлөө процессору акысыз берилет

Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Австралиянын Cochlear компаниясынан 35 сүйлөө процессору түз сатып алынды. Жабдуулардын жалпы баасы 30 млн сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Бүгүн Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде алгачкы 11 бейтапка сүйлөө процессорлору тапшырылды. Адистер аппараттарды ар бир алуучунун өзгөчөлүгүнө жараша орнотуп,

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан бошотулду

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан бошотулду

Бакытбек Кадыралиев 17-августтан тарта саламаттыкты сактоо минеистринин орун басары кызматынан бошотулду. Кадыралиев бул кызматка 2025-жылдын декабрь айында дайындалган болчу. Ал 2008-жылдан бери Пермь шаарында кардиохирургияда, 20212-жылдан тарта кардиохирург жана профессор С.Г.Сухановдун ассистенти болуп иштеген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен