Былтыр дыйкандарга лизингге 9,8 млрд сомдук техника берилген

Былтыр дыйкандарга лизингге 9,8 млрд  сомдук техника берилген

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлердин машина-трактор паркын жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникасы менен камсыз кылуу боюнча бир катар иш-чараларды ишке ашырып жатат.

2011-жылдан бери "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу жети лизингдик долбоор иштеп келет. Анын алкагында айыл чарба техникасы жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар жеңилдетилген шарттарда 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% менен лизингге берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик колдоонун негизинде фермерлерге жалпы суммасы 27,9 миллиард сомду түзгөн 9 миң 863 даана техника берилди. Анын ичинен 2025-жылы 2 миң 853 даана техника 9,8 миллиард сомго берилген.

Бул чаралар механизацияланган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө, ошондой эле өлкөдө айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media