Манас шаарында маршруттук таксилер убактылуу линияга чыкты

Манас шаарында маршруттук таксилер убактылуу линияга чыкты

Джалал-Абад облусунун Манас шаарында автобустар метан газдын тартыштыгынан улам иштөөдө кыйынчылыкка учурады

Region телеканалы маалымдагандай, автобустардын ордуна жолго мурда убактылуу чыгарылган маршруттук таксилер кайтып чыкты. Маршруттук таксилердин бир айдоочусу билдиргендей, алар ишке 4–5 күн мурда кайтып келишкен, бирок бул убактылуу экени тууралуу эскертүү алышкан.

Муниципалдык автобаза жетекчиси Автандил Максутов көйгөйдүн себебин Өзбекстандагы газдын тартыштыгы менен байланыштырды:

"Мурун коңшу өлкө газ берген, бирок азыр ал жакта да тартыштык болуп, Кыргызстанга келчү газдын көлөмү азайды. Азыр автобустарды метан менен толуктоо мүмкүн эмес, күнүнө 5–6 автобус гана толукталат", — деди Автандил Максутов.

Телеканалдын маалыматына караганда, айрым автобустар иштеп жатат, бирок мурда шаар боюнча күн сайын 15 автобус жүрсө, азыр алардын саны кемиген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

26-июнда Чаткал районунун Курулуш айылында жаңы маданият үйүнүн курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага район акими Алтынбек Сеңирбаев катышып, бул долбоор аймактын социалдык жана маданий өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жаңы маданият үйүнүн курулушу мамлекеттин аймактарды

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, онго жакын компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда “China National Petroleum Corporation”, “China Road and Bridge corporation”, “Xinjiang Sanbao Industrial Group Co., Ltd.”, “China Datang

Кара-Балтада 4 млн долларга заманбап таштанды талаасы курулат

Кара-Балтада 4 млн долларга заманбап таштанды талаасы курулат

Кара-Балта шаарында жаңы санитардык катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү таштанды талаасын куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, жергиликтүү бийлик органдарынын, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын,