Быйыл өлкө боюнча дагы 20 миң видеокамера орнотулат

Быйыл өлкө боюнча дагы 20 миң видеокамера орнотулат

2025-жылдын ичинде коомдук коопсуздук камералары 6 миңден ашык укук бузууну аныктаганын "Биринчи радио" эфиринде ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Батырбаев билдирди.

"Бүгүнкү күндө республика боюнча коомдук жайларда 3 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы иштеп жатат. Ар бир аныкталган факт боюнча маалымат мыйзам чегинде чара көрүү үчүн райондук ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт", — деди Алмаз Батырбаев.

Ал ошондой эле 2026-жылы "Коопсуз өлкө" долбоорунун экинчи этабынын алкагында 20 миң видеокамера орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.

"Иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Адегенде кызматкерлер кылмыштар көп катталган жерлерди талдап чыгышат. Мындан тышкары, видеожабдууларды орнотуу үчүн тиешелүү инфраструктура — үзгүлтүксүз электр энергиясы, интернет байланыш линиялары жана башка шарттар талап кылынат. Камералар бир нече түргө бөлүнөт: айрымдары өз огунун айланасында 360 градуска айланып турса, башкалары туруктуу болуп, бир багытты гана көзөмөлдөйт", — деп түшүндүрдү Алмаз Батырбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media