Транспорт министри JICAнын вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Транспорт министри JICAнын вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен JICAнын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Министр Абсаттар Сыргабаев JICAнын колдоосу менен өлкөдө жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашуун долбоор ийгиликтүү ишке ашырылганын белгиледи.

Ошондой эле ал жол инфраструктурасын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу жана акылдуу транспорттук системаларды киргизүү багытында JICA менен кызматташууну улантуу зарыл жана пайдалуу экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде JICAнын вице-президенти Йошикава Йошифуми эки тараптуу кызматташтык мындан ары да тереңдей турганын айтып, Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен иштерди улантууга макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media