Транспорт министрлиги департаментке 30 кызматтык унаа тапшырды

Транспорт министрлиги департаментке 30 кызматтык унаа тапшырды

Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жаңы үлгүдөгү 30 кызматтык унааны тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрдин маалыматына ылайык, автоунаалар Турукташтыруу фондунун эсебинен алынган жана кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилди.

Абсаттар Сыргабаев кызматкерлерди жаңы техниканы этият пайдаланууга жана кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан автоунаалар буга чейин “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызжолтрансдолбоор" Долбоорлоо-изилдөө институтуна да тапшырылган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты