Сентябрь айына чейин Сокулукта электромобиль чыгаруучу завод курулат

Сентябрь айына чейин Сокулукта электромобиль чыгаруучу завод курулат

Чүй облусунун Сокулук районунда электромобилдерди чыгаруучу завод куруларын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата бекитилген иш планына ылайык маалым болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, электромобилдерди чогултуу жана өндүрүү боюнча ишкана жеке инвестицияларды тартуу менен 2026-жылдын 30-сентябрына чейин пайдаланууга берилүүсү пландалууда.

Долбоордун аткарылышы үчүн Экономика жана коммерция министрлиги, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жооптуу болуп белгиленди.

Эске салсак, 2024-жылы Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай саясаты башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев радио эфиринде 2025-жылы Сокулук районунда кыргыз бренди менен автоунаалар чыгарылуучу завод ишке киргизилерин билдирген.

Анын айтымында, бул ишкана Кытайдын Jaecoo компаниясы менен биргеликте курулууда.

Jaecoo — Кытайдын Chery Automobile компаниясынын бөлүмү болуп саналат. Бул бренд негизинен жол тандабастарды жана кроссоверлерди Европа өлкөлөрүнө, Россияга, Малайзияга, Жакынкы Чыгышка жана Түштүк Африкага экспорттоого багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты