Такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылды

Такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылды

ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алганын ведомстводон билдиришти.

2025-жылдын 12-сентябрынан тартып жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган.

Кийинчерээк, 2025-жылдын 3-декабрында министрлер кабинетинин токтому менен лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган.

Учурда өлкө аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензия берүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 8 миңге жакын жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак лицензия алган.

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартты.

Мындан тышкары окуңуз

Июль айында 182 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Июль айында 182 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Үстүбүздөгү жылдын июль айында республика боюнча 182 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту маалымдайт. Техникалык корутунду берилген объектилердин ичинен 130у социалдык объект, 27си турак жай, 14ү турак эмес жай жана 7си административдик имараттар. Мындан тышкары, башка багыттагы

Эт кымбаттап, жашылча арзандады: жыл башынан бери баалар кандай өзгөрдү?

Эт кымбаттап, жашылча арзандады: жыл башынан бери баалар кандай өзгөрдү?

Жыл башынан бери керектөө баалары 6,7%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында орточо жылдык инфляция 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 10,7%ды түздү. Тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 5,9%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 7,1%

Талас: Казбек Нуржанов аллеясында китепкана жана спорттук аянтчалар орун алат

Талас: Казбек Нуржанов аллеясында китепкана жана спорттук аянтчалар орун алат

18-августта Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Жумаев тиешелүү ишканалардын жетекчилери менен бирге Талас шаарында курулуп жаткан аллеядагы иштердин сапатын текшерди. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Эрмат Жумаевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана тапшырмасынын негизинде Казбек Нуржанов аллеясы толугу менен жаңыланып, заманбап эс алуу багына айланууда. Жаңыланган аллея

Кадамжайда айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Кадамжайда айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Кадамжай шаарында жергиликтүү фермерлер жана жеке ишкерлер, эт-сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди жана башка айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына жеткиликтүү баада сатышууда. Кадамжай райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты – калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү. Бул иш-чаранын маанилүүлүгү