Кыргызстанда автоунаалардын саны 2 миллионго жакындады

Кыргызстанда автоунаалардын саны 2 миллионго жакындады

Кыргызстанда расмий каттоодо турган автоунаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 61ге жеткенин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдөгү транспорттун саны 13%га өсүп, экологиялык негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда. Учурдагы автопарктын курамы төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Бензин менен жүргөндөр: 972 миң;
  • Дизель (солярка): 339 миң;
  • Газ менен иштегендер: 56 миң;
  • Гибриддик унаалар: 37 миң.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө 15 миң 278 электромобиль алынып келген, бул жалпы автоунаалардын 0,8%ын гана түзөт. Ошону менен бирге, жаңы унаалардын үлүшү өсүүдө: эгер 2024-жылы 5 жылга чейинки эскиликтеги унаалар 1,5%ды түзсө, быйыл бул көрсөткүч 4,5%га жетти.

Медер Машиев белгилегендей, Бишкектин коомдук автопаркында 1 447 газ менен жүрүүчү автобус, 120 электробус жана 12 даана стандарттуу 12 метрлик автобус бар. Мындан сырткары, электромобилдерди кубаттоо үчүн өлкө боюнча 100дөн ашык станция орнотулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты