АКШ, Кыргызстан Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады

АКШ, Кыргызстан Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады

Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинде АКШнын All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын февраль айында келишимине кол коюлган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы "Макмал – Каракол темир жолун куруу" долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүүгө, ошондой эле Трансевразиялык транспорттук маршрутту мындан ары калыптандыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Талкуу учурунда алдыңкы жана инновациялык технологияларды тартуу жана колдонуу, ошондой эле темир жол транспорту тармагындагы дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Долбоордун ишке ашырылышы аймактардын транспорттук байланыштуулугун жакшыртып, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана экономикалык өсүш үчүн кошумча шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ош облусунда “Исанов” көмөк чордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Исанов” көмөк чордону “Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү”долбоорунун биринчи фазасынын

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет: “Манас” эл аралык аба майданынан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.