Автомектептердеги окуулар жумасына бир нече жолу болот

Автомектептердеги окуулар жумасына бир нече жолу болот

Кыргызстанда автоунаа мектептериндеги окуу процесси жумасына бир нече жолу, анын ичинде онлайн форматты колдонуу менен өткөрүлөрүн Президент Садыр Жапаров 3-февралда "Унаа" борборунда жеке автоунаа мектептеринин директорлору жана курсанттары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, мындай ыкма окууну күнүмдүк жумуш же башка иш-аракеттер менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул форматта болочок айдоочулар үчүн транспорт каражатын коопсуз башкаруу үчүн зарыл болгон теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү толук өздөштүрүүгө бардык шарттар түзүлөт.

Ошондой эле ал келечекте айдоочулук экзамендерди жалпы билим берүүчү мектепти аяктагандан кийин дароо тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады. Бул келечектеги айдоочуларды эрте курактан тартып системалуу даярдоого жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media