Жол кырсыктарынан былтыр 900 адам каза болгон

Жол кырсыктарынан былтыр 900 адам каза болгон

2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыктарынын өсүшү катталганын Башкы прокуратуранын Укуктук статистика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында 8 456 жол кырсыгы катталган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19,1%га көп.

Жол кырсыктарынын эң көп үлүшү төмөнкү аймактарга туура келди:

  • Бишкек — 27%;
  • Чүй облусу — 13%;
  • Ош облусу — 24%;
  • Жалал-Абад облусу — 23%.

2025-жылдагы жол кырсыктарынын кесепетинен:

  • 12 миңден ашык адам жаракат алган (мурунку жылга караганда 16,1%га көп);
  • 900 адам каза болгон (өсүш 21,1%ды түздү).
Өзгөчө кооптонууну жаратканы — жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кырсыктардын көбөйүшү:
  • 2,2 миң кырсык катталган (2024-жылга салыштырмалуу 23,7%га көп);
  • 121 бала каза болгон (22%га өсүш);
  • 2,6 миңге жакын бала жаракат алган (24%га өсүш).

Отчеттук мезгил ичинде айдоочулардын мас абалында жасаган 395 жол кырсыгы катталды. Мурунку жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 11,3%га өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media