Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун 31-январдагы жарлыгы менен Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруу Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин "Азаттык" жазды.

Тагыраак айтканда, техникалык кароо аталган башкармалыктын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна карайт.

Мамлекет башчысы бул чечимди өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жолдогу коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алганы кабарланды.

Жарлыкта ошондой эле Президенттин иш башкармалыгына техникалык кароо кызматынын баасын туруктуу кармоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу жана ачык-айкын мамлекеттик каттоо системасын түзүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, Президенттин 31-декабрдагы жарлыгы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын алдында Техникалык борбор түзүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү