Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова 5-февралда борбор калаадагы кооптуу аймактарга жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлорду орнотуу маселесин көтөрдү. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиянын жыйынында депутат сатып алынуучу светофорлордун саны, сметанын бар-жогу жана алар орнотулуучу жерлер тууралуу сурап, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев учурда комиссия Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кооптуу участокторду текшерип жатканын билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кайсы кесилиштерге баскыч аркылуу иштөөчү (чакыруучу) жөө жүргүнчү светофорлорун орнотуу зарыл экени аныкталат.

Анын айтымында, мындай бир светофор 350–400 миң сом турат. 2026-жылга 5–6 локация пландалууда, ал эми акыркы санды ЖККнын жол көзөмөлү бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган комиссия аныктайт.

Депутат үч өзгөчө кооптуу участокту атады: Фрунзе – Пархоменко, Достоевский – Фрунзе жана Фрунзе – Будённый көчөлөрүнүн кесилиштери. Фрунзе – Будённый кесилишинде мечит жайгашкандыктан, күн сайын авариялык кырдаалдар жараларын белгиледи. Анын айтымында, мечитке көп адам келгендиктен жарандар жолду белгиленбеген жерлерден кесип өтүп, жөө жүргүнчүлөр жабыркабаса да унаалардын кагылышуусуна алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media