Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

2026-жылга карата Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 6 млрд 5 млн сом өлчөмүндө каражат сурап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.

Анын ичинде:

  • коомдук транспортко берилүүчү субсидияларга — 1 млрд 204 млн сом,
  • борбор калаадагы 401 жол кесилишиндеги светофорлорду каржылоого — 69 млн 430 миң сом,
  • жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга — 4 млрд 585 млн сом каражат суралган.

Мындан тышкары, департаменттин кызматкерлеринин эмгек акыларына 83 млн 289 миң сом бөлүү сунушталууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү