Аэропорт трассасында жолду булгаган компаниялар жоопкерчиликке тартылды

Аэропорт трассасында жолду булгаган компаниялар жоопкерчиликке тартылды

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Бишкек – "Манас" эл аралык аэропортуна кеткен трассанын (Васильевский тракт) боюндагы курулуш объекттеринде жолдун санитардык абалынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү учурунда курулуш техникалары жолго топурак чыгарып кеткен фактылар аныкталды.

"МЭНС" ЖЧКсынын курулуш аянтчасында дөңгөлөк жуучу пункт талапка ылайык колдонулган эмес. Буга чейин берилген көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча талап аткарылбагандыгына байланыштуу компанияга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Ошондой эле жолдун булганышын алдын алуу үчүн участокту бетон менен каптоо боюнча кайрадан талап коюлду.

Ал эми "Манас Моторс" ЖЧКсынын объектинде дөңгөлөк жуучу пункт жок экени аныкталды. Компанияга үч күндүн ичинде эстакада жана трансбой орнотуу талабы коюлду. Талап аткарылбаса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media