Транспорт министрлиги 2026-жылы кайсы жолдор куруларын маалымдады

Транспорт министрлиги 2026-жылы кайсы жолдор куруларын маалымдады

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы бир катар маанилүү жол куруу долбоорлорун ишке ашырууну пландап жатканын министрликтин басма сөз кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча билдирди.

2026-жылы ишке ашырылуучу долбоорлор:

  • "Манас" аэропорту — "Бишкек" эркин экономикалык аймагы — "Ала-Арча" суу сактагычыавтожолун реконструкциялоо (11 км);
  • Профсоюз көчөсү аркылуу Кустанай көчөсүнөн МАИ постуна чейинки айланма жолду куруу (8,5 км);
  • Жаңы Ош базарына жана Батыш автобекетине алып баруучу жолдорду куруу (8,7 км);
  • Ош — Сары-Таш — Иркештам автожолун капиталдык оңдоо (61 км);
  • "Жыргалаң" тоо-лыжа базасына ("Ала-Тоо Резорт") баруучу жолду долбоорлоо жана куруу;
  • Бишкек — Ош унаа жолун оңдоо (45 км);
  • Чолпон-Ата шаарынын айланасына жаңы төрт тилкелүү жол куруу (14,5 км);
  • Семеновка — Ак-Суу жана Григорьевка — Кол — Кашка-Суу жолдорун асфальттоо (34 км).

Ошондой эле министрликте уланып жаткан долбоорлор да белгиленди:

  • Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу;
  • Арашан — Чункурчак автожолу;
  • Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолу;
  • Бишкек — Кант автожолу;
  • Нарын — Баетово жолу;
  • Бишкек — Кунтуу — Шопоков трассасы;
  • Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолу;
  • Балыкчы — Боконбаево — Каракол жолу.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткен шаарында муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган. Алардын катарында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтому менен кабыл алынган. Ал эми жеке менчик

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Аксы районунун Кербен шаарындагы Жерге-Тал айылында курулуп жаткан спорт залдан мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүдө курулуш-монтаждоо иштери объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды. Мыйзам бузуу фактысы боюнча "Кайрат Строй Кей Джи" ЖЧКсына акт

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Талас облусунун Талас районунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны көбөйүүдө. Учурда райондо малина жана ежемалина 12 гектардан ашык аянтка эгилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Талас районунда жалпы 35 миң 326 гектар айдоо жери бар. Акыркы жылдары жергиликтүү дыйкандар аймактын климаттык шартына ылайыкташкан малинанын ар түрдүү сортторун