Кытайдан унаа ташууга уруксат алуу жеңилдеди

Кытайдан унаа ташууга уруксат алуу жеңилдеди

Министрлер кабинети Кытайдан автоунаа ташууда уруксат берүү кагаздарын алуу 24 сааттан 10 мүнөткө чейин кыскарганын билдирди.

2025-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда машине ташуу боюнча 130 миң уруксат берилген. Буга чейин ишкер документтердин пакетин даярдап, арыз берип, кагаз түрүндөгү уруксат алуу үчүн Транспорт министрлигине өзү барышы керек болчу. Бул үчүн 24 саатка чейин убакыт кеткен. Эми ал 10 мүнөткө чейин кыскартылды.

Уруксат кагазын электрондук түрдө бекитүү жана берүү үчүн е-Пермит (e-Permit) программасы иштелип чыкты. Ошондой эле онлайн арыздарды жана электрондук капчыктар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу киргизилген. Тиешелүү мекемелердин ортосундагы маалымат алмашуу “Түндүк” платформасы аркылуу толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү.

МинКабдын басма сөз кызматы бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында айтканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media