Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолун реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолун реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Бишкек-Кунтуу-Шопоков багытындагы 6,7 чакырымында жолду кеңейтүү жана бактарды кыюу иштери жүрүп жатат. Аталган жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Ал эми 2025-жылы жолдун 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн.

Долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, жарык берүүчү чырактарды орнотуу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу сыяктуу иштер каралган. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү