Курулган жолдордун сапаты текшерилди

Курулган жолдордун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, социалдык объектилерди жана жолдорду куруунун сапатына көзөмөлдү күчөтүү максатында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан атайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка траянсак, рейддин алкагында Ош шаарында 2024–2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жолдордун, ирригациялык тутумдардын жана лотоктордун сапаты текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө асфальттын астыңкы катмарын талаптагыдай тыгыздоо иштери жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, анын кесепетинен жаан-чачындан кийин жолдордун чөгүшү жана асфальт катмарында жаракалардын пайда болушу катталды.

Атап айтканда, Демократ көчөсү, Энесай конушу, А. Навои көчөсү, Ош базарынын ички жолдору, Сатиев көчөсү (капиталдык оңдоо), Т. Касымбеков көчөсү (реконструкция), ошондой эле учурда курулуш иштери жүрүп жаткан Көкүм бий көчөсү, Р.Юнусов жана Күрөңкеев көчөсү, Алай көчөсүнүн тротуары жана башка бир катар көчөлөр текшерүүгө алынды.
Аталган жолдордун жана тротуарлардын курулуш сапаты боюнча Ош шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан подрядчы уюмдарга эскертүүлөр берилип, административдик айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, талапка жооп бербеген жолдорду, тротуарларды жана лотокторду тез арада оңдоо же кайрадан асфальт төшөө боюнча Ош шаарынын мэриясынын "Ош шаардык жолдор башкармалыгы" муниципалдык ишканасына расмий кат жөнөтүлдү. Аталган каттын негизинде тиешелүү оңдоо иштери жүргүзүлөт. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media
Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

2026-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Экономика жана коммерция министрлигинде Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эл аралык эксперти Руоси Чжандын катышуусунда кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча адистештирилген семинар болуп өттү. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, семинарга КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышып, ДСУнун кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча башкы макулдашуусунун алкагындагы негизги милдеттенмелерди

Ишкер Media
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Президенти Садыр Жапаров, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Ишкер Media