Нарын-Баетов жолу оңдолууда

Нарын-Баетов жолу оңдолууда

Нарын-Баетов унаа жолунда реконструкция иштери белгиленген мерчемдерге ылайык жигердүү жүргүзүлүүдө. Аталган жолдун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, учурда төмөнкү тилкелерде иштер аткарылууда:
8-13-чакырым аралыгында 2,3 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.
13-33-чакырым аралыгында эски асфальт катмарын алуу жана жер жумуштары жүргүзүлүүдө.
33-38-чакырым аралыгында жер казуу иштери уланууда.
84-120-чакырым аралыгында асфальт төшөө жана жер жумуштары аткарылып жатат.

Белгилеей кетсек, Нарын-Баетов унаа жолу капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 жол курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Жол эки тилкелүү болуп, заманбап талаптарга ылайык курулууда.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media
Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

2026-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Экономика жана коммерция министрлигинде Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эл аралык эксперти Руоси Чжандын катышуусунда кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча адистештирилген семинар болуп өттү. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, семинарга КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышып, ДСУнун кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча башкы макулдашуусунун алкагындагы негизги милдеттенмелерди

Ишкер Media
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды

Президенти Садыр Жапаров, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Ишкер Media