Кара-Балта - Моңолдор жолуна асфальт төшөлүүдө

Кара-Балта - Моңолдор жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта - Моңолдор унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери пландалган. Учурда анын 900 метрине асфальт төшөлүп бүттү.
Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №40 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Жол оңдоо иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты