Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип, Мамыров көчөсүнө чейин уланат. Долбоордун алкагында 49-көчөнү бириктирген жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.

Узундугу бир чакырымга жакын көчөдө кызыл сызыкка чыккан курулуштар жылдырылып, электр мамычалары жаңыланды. Ошондой эле түнкү жарыктандыруу орнотулуп, тротуарлар жана ирригациялык системалар жасалды.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн мэр Жанарбек Акаев шаар тургундарын Жеңиш күнү жана жаңы жолдун ачылышы менен куттуктады. Ал учурда Ош шаарында 50 чакырымга жакын жол курулуп жатканын белгилеп, шаар инфраструктурасын өнүктүрүү иштери мындан ары да уланарын айтты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты