Бишкек-Ош жолуна түшкөн таштар тазаланды

Бишкек-Ош жолуна түшкөн таштар тазаланды

10-майда жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 80-124-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Ошого байланыштуу, учурда түшкөн таштарды тазалоо жана жолду коопсуз абалда кармоо боюнча иштер ыкчам жүргүзүлдү. Бул тууралуу  “Кыргызавтожол Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иштер “Кыргызавтожол Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда. Азыркы тапта бардык унаалар үчүн каттам ачык.

“Тоолуу аймактарда жол жүрүүдө этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз”, - дейт “Кыргызавтожол Түндүк” ишканасынан.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Рысгүл Абдыманаповна Акимжанова Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Мындан тышкары, министрликтин айрым башкармалыктарына жаңы жетекчилер

“Кыргыз-Ата” паркына көзөмөл-өткөрмө пункту курулат

“Кыргыз-Ата” паркына көзөмөл-өткөрмө пункту курулат

“Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев жаратылыш парктары үчүн жаратылыш аймактарын сактоо менен бирге, эс алуучулар үчүн заманбап

Финансы министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Финансы министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы Финансы министрлигинин борбордук аппаратында, анын түзүмдүк башкармалыктарында, ага караштуу кызматтарында жана мекемелеринде 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзүүнү аяктады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. Маалыматка таянсак, текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 110 181,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

14-августта Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин