Транспорт министри туристтик жолдорду сапаттуу оңдоону тапшырды

Транспорт министри туристтик жолдорду сапаттуу оңдоону тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында министрликтин кезектеги аппараттык жыйыны өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында жол курулуш иштеринин жүрүшү жана жаанчыл аба ырайына байланыштуу сел коопсуздугунун алдын алуу чаралары талкууланды.

“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларына жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле бардык аймактарда асфальт-бетон заводдорун тез арада ишке киргизүү милдети коюлуп, пландалган иштердин аткарылышы облустук бөлүмдөргө жана Жол тейлөө башкармалыктарына жүктөлдү.

Жыйында өзгөчө көңүл Түндүк – Түштүк унаа жолун ачууга даярдык көрүү иштерине бурулуп, туристтик жайларга баруучу жолдордун абалын жакшыртуу маселеси да көтөрүлдү.

Мындан тышкары, “Каратай” транспорттук көзөмөл пунктундагы унаа тыгыны боюнча маселе каралды.

Жыйын соңунда республика боюнча жол курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат угулуп, курулуш иштерин ылдамдатуу зарылдыгы белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты