Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда көпүрө курулууда

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда көпүрө курулууда

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 140-чакырымында жайгашкан көпүрөдө курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда объектте көпүрөнүн тирөөч жана каптал дубалдарын куруу боюнча негизги жумуштар аткарылууда. Курулуш аянтчасында арматураларды монтаждоо, калыптарды орнотуу жана бетон куюу процесстери жүргүзүлүп жатат. Иштер атайын техникалардын жардамы менен этап-этабы боюнча жүрүүдө. Ошондой эле бетон конструкцияларынын сапатын камсыздоо максатында тиешелүү технологиялык талаптар сакталууда.
Объектте куруучулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер тарабынан күнүмдүк өндүрүштүк иштер уюштурулуп, курулуштун жүрүшү туруктуу көзөмөлдөнүүдө.

Долбоор толук аяктагандан кийин жол кыймылынын коопсуздугу жогорулап, аймактагы транспорттук каттам үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты