Сел жууп кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Сел жууп кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Жалал-Абад облусундагы селден улам Ак-Там айылындагы көпүрө жабыркаган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кербен - Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 23-8 чакырымында жайгашкан Ак-Там айылындагы Чанач-Сай жайлоосуна кетүүчү жолдогу эки тарабын сел жууп кеткен көпүрөнү бетон менен бекемдөө иштери аткарылууда.

Азыркы тапта жеңил жана жүк ташуучу унааларга каттам берилди. 
Көпүрөнү бекемдөө иши №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, жеринде атайын техникалар тартылган.

Белгилей кетсек, кечээ 11-майдагы катуу жааган жаандан улам аталган көпүрөнүн эки тарабын сел агымы оюп кеткен. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты