Жаңы Башкы план: Бишкек коомдук транспортко басым жасайт

Жаңы Башкы план: Бишкек коомдук транспортко басым жасайт

Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти. Документ борбор калаанын аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, инфраструктуралык долбоорлорду жана шаардагы жашоо шарттарын жакшыртуу чараларын камтыйт.

Башкы планда өзгөчө көңүл транспорттук системаны өнүктүрүүгө бурулган. Анда шаардагы унаалардын көбөйүшү жана жолдордун жүктөмү күчөгөн шартта, жеке автоунаадан коомдук транспортко өтүүгө шарт түзүү негизги максат катары белгиленген.

Документке ылайык, Бишкекте коомдук транспорттун ылдам жана заманбап түрлөрү, анын ичинде рельстүү транспорт системасы өнүктүрүлөт. Ошондой эле транспорттук-алмашуу түйүндөрү түзүлүп, айрым каттамдар жалпы автоунаа агымынан бөлүнөт.

Мындан тышкары, шаар борборунда акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар уюштурулат. Бул жол тыгындарын азайтып, транспорт кыймылын жөнгө салууга багытталган.

Министрлер Кабинети белгилегендей, Башкы планды ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкекте коопсуз, жеткиликтүү жана ыңгайлуу заманбап транспорттук система түзүлүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн