Базар-Коргон - Арстанбап жолуна асфальт төшөлөт

Базар-Коргон - Арстанбап жолуна асфальт төшөлөт

Базар-Коргон - Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Эски асфальт катмарын сыйруу иштери толугу менен аяктап, азыркы тапта жолдун негизин даярдоо үчүн шагыл төшөө жана тегиздөө жумуштары кызуу жүрүп жатат. 
Жакын арада жаңы асфальт бетон катмарын төшөө пландалууда.Жол тилкеси тоолуу аймакта болгондуктан, туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын жумуштун жүрүшүн убактылуу кечеңдетүүдө. 

Транспорт министрлиги жарандардан жана айдоочулардан түзүлгөн ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты