Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда

Түндүк айланма жолдун жалпы узундугу – 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алмата – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда. Бул туралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган. Анын 11и жаңы курулуп, экөөсү капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Ошондой эле, иштеп жаткан көпүрөлөр кеңейтилүүдө. 

Жол 6 тилкеге чейин, ал эми транспорттук түйүндөрдө 2+2 тилкеге чейин кеңейтилет.  Ар бир тилкенин туурасы эл аралык стандартка ылайык 3,75 метрден болот. 

План боюнча бул тилкелерде светофорлор болбойт, ал унаалардын токтоосуз кыймылын камсыздайт. 
Жөө адамдарга жер үстүнөн өтмөктөр, 2,25 метрлик тротуарлар жана жолдун бардык тилкелеринде заманбап жарыктандыруу каралат. 

Долбоор борбор калаанын айланасындагы тыгындарды азайтууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты