Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол курулат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол курулат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу Б.Миңжылкыев көчөсүн узартуу иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилип, күчүнө кирди. Жакынкы күндөрдө тиешелүү чечимдерге кол коюлуп, андан соң долбоорду ишке ашыруу башталат.
Мэр Кыргызстандын мыйзамдарында "жабык кампус" деген түшүнүк жоктугун, ал эми мамлекеттик университеттер шаар куруу талаптарына жана колдонуудагы ченемдерге жооп бериши керектигин кошумчалады.
Ал аймакта коомдук транспорттун аялдамалары болбой турганын, ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөр каралганын айтты.

Жунушалиев Бакаев көчөсү Миңжылкиев көчөсү менен байланыштырыларын маалымдады. Ал учурда жолдорду куруу гана каралып жатканын, мурдагы аэропорттун аймагына турак үйлөрдү куруу боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңге жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти. Адылбек Касымалиев кеңешмеде

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, реалдуу

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 7-13-август аралыгында өлкө боюнча 36 536 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын ичинен 534 айдоочу унааны мас абалында башкарса, 1 003 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 2 129 ылдамдыкты ашыруу, 288 унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды