Түндүк айланма жолу 6 тилкелүү болот

Түндүк айланма жолу 6 тилкелүү болот

12-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкектин Түндүк айланма жолунун курулушу менен таанышты.

Долбоордун аткарылышы жана курулуштун сапаты тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев маалымат берди.

Долбоордо каралган жолдун жалпы узундугу - 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы - Бишкек -Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда.

6 тилкелүү жол эл аралык стандарттарга ылайык салынып жатат. Өзгөчөлүгү жолдо жол чырактары болбойт. Бул унаалардын токтоосуз өтүүсүнө шарт түзмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол курулат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол курулат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу Б.Миңжылкыев көчөсүн узартуу иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйында билдирди. Анын айтымында, Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилип, күчүнө кирди. Жакынкы күндөрдө тиешелүү чечимдерге кол коюлуп, андан соң долбоорду ишке ашыруу башталат. Мэр Кыргызстандын мыйзамдарында

Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу талкууланды

Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу талкууланды

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу: билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын кызматташтыгы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Иш-чара Башкы прокуратура тарабынан уюштурулуп, ага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, укук

Ала-Букада уруксаты жок курулуш иштери токтотулду

Ала-Букада уруксаты жок курулуш иштери токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча көзөмөл иштери улантылууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылындагы Т.Сартманбетов көчөсүндө жайгашкан “Аль Барака” соода жайы тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтер

Адылбек Касымалиев көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди

Адылбек Касымалиев көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди

13-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапардын негизги максаты масштабдуу эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө инфраструктуралык жана маданий объектилердин даярдыгын текшерүү болду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, инспекциянын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Кырчын капчыгайына