“Манас” аэропортунун аэробекетине кирүү жана чыгуу тартиби өзгөрдү

“Манас” аэропортунун аэробекетине кирүү жана чыгуу тартиби өзгөрдү

“Манас” эл аралык аэропортунда бүгүндөн баштап ири масштабда реконструкциялоону алкагында курулган аэробекет комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилди. Бур тууралуу аэропорттун жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.

Маалыматка караганда, жаңыланган терминалдын ачылышына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн жана коноктордун жүрүү схемасы өзгөртүлүп, аэробекет имаратынын мурдагы кире бериши жабылды. Эми жаңы кирүү жана чыгуу жолдору комплекстин батыш тарабында жайгашкан.

Жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн эл аралык тейлөө стандарттарына жооп берген заманбап мейкиндиктер жеткиликтүү болду. Алардын катарына жаңы күтүү залдары, каттоо аймактары, жаңыланган стерилдүү зона, ошондой эле ыңгайлуу учуп келүү аймагы кирет. Ошол эле учурда бүгүндөн баштап аэробекеттин эски бөлүгү реконструкциялоо иштерине байланыштуу жабылат.
Аэробекетти реконструкциялоо аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана Кыргыз Республикасынын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча комплекстүү программанын бир бөлүгү болуп саналат. 

Бул программа мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун жана кабыл алынган Жарлыктын негизинде мүмкүн болду.

Жаңыланган аэробекет комплекси аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана Кыргызстанды аймактагы заманбап авиациялык түйүн катары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

14-августта Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңге жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти. Адылбек Касымалиев кеңешмеде

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, реалдуу

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 7-13-август аралыгында өлкө боюнча 36 536 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын ичинен 534 айдоочу унааны мас абалында башкарса, 1 003 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 2 129 ылдамдыкты ашыруу, 288 унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу