Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
Бишкек шаарында 29-июндан тарта Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылат.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул чектөөлөр курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынанмүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат.