Бишкек – Нарын – Торугарт жолун суу катпады
1-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек–Нарын – Торугарт унаа жолунун 273–275-чакырымында жана Сары-Булак–Соң-Көл унаа жолунун 0 – 3 –чакырымдарында жолдун айрым тилкелерин суу каптады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жерине атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштерин №14 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жүргүзүүдө.
Учурда автогрейдердин жардамы менен суунун нугун буруу, жолдун үстүн кырып-тегиздөө жана каттамдын коопсуздугун камсыздоо иштери аткарылууда.
Азыркы тапта эки жолдо тең унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз уланып, каттам ачык.